Бишкекте жол кырсыгы катталды, жабыркагандар бар

  • 2 года мурун

Бишкекте жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бүгүн, 6-майда Октябрь районуна караштуу Кара-Жыгач конушунун Путепроводная көчөсүндө “Toyota Camry 55” жана “BMW 540” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталгандыгы жана унаада кыпчылып калган жарандар бар болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, кыпчылып калган эркек кишини унаадан чыгарып тез жардам кызматына өткөрүп беришти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты