Бишкекте ЖККУнун машыгууларына даярдык көрүү боюнча штабдык сүйлөшүүлөр өтүп жатат

  • 2 года мурун

Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) «Кобальт-2022» атайын тактикалык машыгууларына даярдык көрүү боюнча штабдык сүйлөшүүлөр өтүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөргө уюмдун мүчөлөрү — Орусия, Беларусь, Армения, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын делегациялары катышууда.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, сүйлөшүүнүн катышуучулары бүгүн 19-майда Балыкчынын жанындагы “Эделвейс” полигонуна барып, машыгуу өтө турган жерди көрүшөт.

Кечээ Бишкекте машыгууну уюштуруунун атайын жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелери талкууланды. Сүйлөшүүлөр 20-майда жыйынтык протоколуна кол коюу менен аяктайт.

Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов бүгүнкү күндө дүйнөдө тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч жаратып жаткан көрүнүш эл аралык терроризм экенин белгилеп, башкаруу, камсыздоо жана байланыш органдарынын биргелешип аракеттенүүсүн жакшыртуу үчүн машыгуулар маанилүү экенин айтты жана мындай иш-чаралар ар бир мүчө мамлекетте өткөрүлүп келерин кошумчалады.

«Кобальт-2022» машыгуулары август айынын башында Ысык-Көлдө өтөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты