Бишкекте жеке турак жайдан 9 миң 800 доллар уурдаганга шектелген жаран кармалды
- 2 года мурун
Бишкекте жеке турак жайдан 9 миң 800 доллар уурдаганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-декабрда жаран Б.Д. белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен үстүбүздөгү жылдын көрсөтүлгөн күнү саат 14:10дон 15:10го чейин Чукотская көчөсүндө жайгашкан жеке турак жайлардын бирине пластикалык терезени кысып, мыйзамсыз кирип, 9 миң 800 доллар өлчөмүндөгү акча каражаттарын жашыруун уурдап, белгисиз тарапка качып кетишкен. Аталган факты Ленин РИИБинин кылмыштардын бирдиктүү реестери катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголду. 1988-жылы туулган К.С. кылмышка шектелип кармалып, Ленин РИИБинин Тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу изаляторуна киргизилди.
Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан шектүүгө карата 2022-жылдын 21-декабрына чейин Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камоо менен камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. Учурда анын башка ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.