Бишкекте жеке автоунааларды пайдаланууга тыюу салынбайт 

Бишкек шаарынын мэриясы президенттин «Бишкек шаарынын жол-транспорт системасын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын долбоорунда жеке автоунааларды пайдаланууга тыюу салуу каралбаганын билдирди.

Маалыматка ылайык, коомдук талкууга коюлган документте автоунааларга чектөө киргизүү боюнча ченемдер жок. Долбоорго тиркелген негиздеме-маалымкатта шаардагы транспорттук көйгөйлөр жана мүмкүн болгон тобокелдиктер гана талданып, маалыматтык мүнөздө берилген.

Жарлыктын негизги максаты – Бишкектин жол-транспорт системасын өнүктүрүү. Анын алкагында 2026–2030-жылдарга комплекстүү план иштеп чыгуу каралып, жол инфраструктурасын жакшыртуу, коомдук транспортту өнүктүрүү жана заманбап башкаруу технологияларын киргизүү пландалууда.

Мэрия белгилегендей, шаар тургундарына тиешелүү чечимдер коомдук талкуунун жыйынтыктары жана адистердин сунуштары эске алынып, этап-этабы менен кабыл алынат.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты