Бишкекте Жеңиш күнүнө карата митинг-реквием өттү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 9-майда Бишкектеги Жеңиш аянтында Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү.

Иш-чарага мамлекет башчысы Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, экс-президент Сооронбай Жээнбеков, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев баштаган бийлик өкүлдөрү катышты.

Президент Садыр Жапаров Өчпөс отко гүл коюп, фашизмге каршы согушта курман болгондорду эскерди.

“Ата-бабаларыбыздын бүткүл адамзатты фашизмдин туткунунан куткарып, өз өлкөсүнүн жана жер шарынын элдеринин бактысы үчүн курман болгондугун эч ким, эч качан унутпайт. Тилекке каршы, жыл өткөн сайын кан күйгөн согушта ар бир демин Ата Мекенге арнап, бизге чыныгы Жеңишти тартуулаган ардагерлерибиздин катары суюлууда. Аларга майрам күнү гана көңүл бурбастан, дайыма кам көрүү – биздин милдетибиз!” — деп айтты президент куттуктоо сөзүндө.

Митинг-реквиемге өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү, ардагерлер катышты.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка 360 миңден ашык кыргызстандык катышып, алардын 150 миңден ашууну көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы үчүн мамлекеттик сыйлыктарга татыган. Ошондой эле 22 кыргызстандык “Даңк” орденинин толук кавалери, ал эми 77 мекендешибиз Советтер Союзунун Баатыры атагын күтүп, эң жогорку даражадагы сыйлыктарга арзыган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы согушка катышкан ардагерлердин саны бүгүнкү күндө 50нүн тегерегинде экенин билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты