Бишкекте жатаканада чыккан өрттөн 150 студент эвакуацияланды

  • 7 месяцев мурун

Бүгүн, 2-январь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда жогорку окуу жайлардын биринин жатаканасынан өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Өрт саат 21:23тө чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча тилсиз жоо каптаган аянт болжол менен 250 чарчы метрди түзөт.

Коопсуздук максатында жатаканадан 150 студент эвакуацияланды. Өрттү өчүрүүгө 5 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу тартылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты