Бишкекте жашыруун иштеген вебкам-студия аныкталды

  • 1 год мурун

Бишкекте жашыруун иштеген вебкам-студия аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-апрелде ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси «Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында иштер жүргүзүлгөн.

«Өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы компьютердик клуб катары өзүн көрсөтүп келген белгилүү бир “студиянын” дареги аныкталып, ал жерди ыкчам кызматкерлер текшерүүгө алган. Бул даректе документтер боюнча жубайлар катталганы, бирок үйдүн 1-кабатындагы чоң бөлмөдө 8 компьютер орнотулган, өзүнчө бөлмөдө 10 компьютер, 2-кабатта 4 компьютер, жер төлөдө дагы 4 компьютер бар экендиги аныкталган.

Бул “мекемеде” болжол менен 20-25 жаштардагы 7-8 жигит иштешкени белгилүү болгон. Бирок бул балдар котормочулар экени маалым болуп, алар модель менен потенциалдуу кардардын ортосундагы ортомчулар экени такталган», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты