Бишкекте жашыл аянтка унаа токтоткондорго айып пул салынууда
- 4 месяца мурун
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы айдоочуларга жашыл аянттарга унаа токтоткону үчүн айып пул салууну улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мыйзам бузуу 7-апрель көчөсүндө аныкталган. Жол боюнда соода жүргүзгөн шаар тургуну кичи автобусту жашыл аймакка токтоткон. Жаранга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык 5500 сом айып пул салынды.
Ошондой эле жашыл аянтка унаа токтотуу фактысы 8-кичи райондо аныкталды.
Айдоочу унаасын бордюрдан өтүп жашыл аянтка токтоткон.
Айдоочуга 5500 сомго протокол түзүлүп, административдик жоопкерчилик каралды.
Дагы бир эреже бузуу А. Токомбаев көчөсү 23/2 дарегинде аныкталып, жашыл аянтка унаасын токтоткон жаранга айып протоколу жазылды.
Ошону менен катар Ленин районуна караштуу Фрунзе жана Уметалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жашыл аянтка унааларды токтотпоо үчүн чектөө лентасы тартылды.