Бишкекте жасалма документтерди даярдап жүргөн казак жараны кармалды

  • 11 месяцев мурун

Бишкекте Кыргызстандын жасалма кызматтык бланк, документтерин даярдоого шектелип казак жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК кызматкерлери тарабынан жасалма кызматтык бланктарын жана документтерин даярдоо жана сатуу каналына бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Т.В.аттуу казак жараны аныкталган.

Шектүүнүн Бишкектеги жашаган жана иштеген жерин тинтүү учурунда жеке нотариалдык конторанын жасалма мөөрлөрү, Кыргызстандын туулгандыгы жана ажырашуу тууралуу күбөлүктөрү, Ички иштер жана Саламаттык сактоо министрликтеринин расмий бланктары, И.Ахунбаев атындагы КММАнын дипломунун тиркемеси, ЖОЖдун зачеттук китептери, чет өлкөлүк жарандардын өздүгүн тастыктаган документтери табылган.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты