Бишкекте жардыруучу зат коюлганы жөнүндө жалган маалымат берген адам алты айга эркинен ажыратылды

  • 1 год мурун

Бишкектин Биринчи май райондук соту жардыруучу зат коюлганы тууралуу жалган маалымат берген жаранды алты айга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ушул жылдын 3-февралында саат 06:21де 112 нөөмөт кызматына Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде колго жасалган жардыруучу зат коюлганы тууралуу жашыруун маалымат келип түшкөн. Бирок ал маалымат тастыкталган эмес.

Шектүү катары 1982-жылы туулган Н.А.А. кармалып, тергөөнүн жүрүшүндө күнөөсүн мойнуна алган.

УКМК мындай аракеттер кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылаарын белгилейт. Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ылайык, боло турган жарылуу тууралуу атайылап жалган маалыматты айтып, өрттөө же өлүм же оор жаракат алуу коркунучун туудурган башка аракеттер үчүн бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500 сомдон 1000 сомго чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү айыпка же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты