Бишкекте жарандар тарабынан 239 миң сомго көрктөндүрүү эреже бузуу катталды

  • 2 года мурун

Бишкекте жарандар тарабынан 239 миң сомго көрктөндүрүү эреже бузуу катталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Эки күндүн ичинде шаардыктар, ишканалар жана мекемелер тарабынан жалпысынан 239 миң сомго 25 көрктөндүрүү эрежесин  бузуу фактылары катталган.

«Ислам курулуш», «Эталон» курулуш компаниялары, ошондой эле №6 үй-бүлөлүк медицина борбору, «ТелекомСпецСтрой» ЖЧКсы жана «Пластик линия»  «Мобинда», №32 орто мектеби, «Хабен» ЖЧКсы, «Имхотек» ишканалары тазалыктын жөнөкөй эрежелерин сакташкан эмес.

Ошондой эле, антисанитардык жайлардын тизмеси чарбалык субъекттердин жана тигүү цехтеринин ижарачылары менен толукталды.

Тартип бузууларды тангандардын иштери административдик комиссия тарабынан каралат.

Муниципалдык инспекция борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан ар бир адам күн сайын өз аймагынын айланасында тазалыкты камсыздап турушу керектигин эскертет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты