Бишкекте жана Жалал-Абадда иске ууланып эки адам каза болду

  • 2 года мурун

Бишкекте жана Жалал-Абадда иске ууланып эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-январга караган түнү Бишкектин Свердлов районунун Ак-Бата конушунда жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө 1 күжүрмөн эсеп тартылып, өрт саат 23: 38де чектөөгө алынып, саат 23:58де толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен турак үйдүн аянты 30 чарчы метр болгон жыгач устундуу шифер менен жабылган устундар жана үйдөгү буюмдар күйгөн. Анын кесепетинен 47 жаштагы К.Б аттуу эркек киши түтүнгө ууланып, каза тапканы маалым болгон. 

Ошондой эле 4-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Күмүш-Азиз айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө 1 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 06:12де чектөөгө алынып, 07:01де толук өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 54 чарчы метр шыбы күйгөн.

Азыркы учурда өрттүн чыгуу себептери аныкталып жатканы кабарланды. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты