Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлүүдө

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 6-апрелде, түштөн кийин жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.

Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

«Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, бак-дарактардан, электр чубалгыларынан алыс болуңуздар. Табият кубулушунун кырдаалына күбө болсоңуз «112» кызматына токтоосуз билдириңиз«, — деп айтылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты