Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө эки саат аралыгында катуу шамал катталышы мүмкүн

  • 1 месяц мурун

Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө эки саат аралыгында катуу шамал катталышы мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жакынкы эки саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууга чакырат.

«Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз “112” кызматына чалып, жардам сураңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат», — деп эскертти министрлик.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты