Бишкекте Жалил Садыковдун 90 жылдыгына арналган театр жумалыгы башталды

  • 2 года мурун

Бишкек шаарындагы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кыргыз ССРинин эл акыны, драматург, котормочу Жалил Садыковдун 90 жылдык мааракесине арналган театралдык жумалык башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Жумалыктын алкагында «Учур» мамлекеттик жаштар театрынын актёрлору Жалил Садыковдун «Ак Мөөр» спектаклин тартууламакчы.

Жалил Садыков Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Кичи-Кемин айылында 1932-жылы 23-октябрда төрөлгөн. Ал «Манастын уулу Семетей», «Сейтек», «Айкөл Манас», «Эр Төштүк», «Ак Мөөр», «Терең кечүү» драмаларын жазган.

Садыков Кыргызстандын гимнин жазган авторлордун бири.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты