Бишкекте жаңы жыл түнү атайын автоунаа каттамы жүрөт
- 3 года мурун
Бишкек шаарында 31-декабрдан 1-январга караган түнү жаңы жылдык атайын каттам түнкү саат 01:00гө чейин каттайт.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Алты троллейбустук каттамдын айдоочулары шаардыктарды төмөнкү багыттар боюнча үйлөрүнө жеткирет:
№ 2, «Аламүдүн-1» кичи району — Фрунзе атындагы завод;
№ 4, эт комбинаты — Кожзавод;
№7, «Туңгуч» кичи району — «Ак-Өргө» конушу;
№10, «Асанбай» кичи району — Фрунзе атындагы завод;
№14, «Жогорку Жал» кичирайону — Киркомстром.
№ 17, «Асанбай» кичи району — Кожзавод.
Ошондой эле жаңы жыл түнү саат 1ге чейин бардык каттамдарда автобустар, ошондой эле жеке кичи автобустар каттайт.
1-январдан тартып бардык муниципалдык коомдук транспорттор эртең мененки саат 08:00дөн 20:00гө чейин, ал эми кичи автобустар адаттагыдай эле атайын график менен иштейт.
2-январдан тартып бардык шаардык коомдук транспорт штаттык режимде иштей баштайт.