Бишкекте жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт түндө өчүрүлдү  

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын Октябрь районунун Анкара көчөсүндө жайгашкан жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт 13-августта саат 01:20 да өчүрүлдү.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар (ӨКМ) министрлиги билдирди.  

Тилсиз жоо менен күрөшүүгө жалпы өрт өчүрүүчү 8 машина, анын ичинде 54 метрлик эки автошаты тартылган.

Өрттүн жалпы аянты 850 м² күйүп, 1500 м² сакталып калды. Өрт саат 00:23дө чектөөгө алынып, 01:20 да толук өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен жабыргандар жок, кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

Бишкек шаарынын Октябрь районунун Анкара көчөсүнүн №5 дарегинде жайгашкан жаңы салынып жаткан көп кабаттуу турак үйдөн 12-августта кечинде өрт чыкты.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты