Бишкекте жаңы форматтагы аялдаманы талкалап кетишти

  • 4 месяца мурун

Бишкекте жаңы форматтагы аялдаманы талкалап кетишти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарында жаңы форматтагы аялдаманын эшиги күч менен ачылып, айнеги сындырылган.

Аялдама Чүй проспектиси жана Манас проспектилеринин кесилишинде жайгашкан. Бул окуя укук коргоо органдарына билдирилет. Учурда жагдайлар такталууда.

Эскерте кетсек, Ч.Айтматов проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан аялдамадан мурда белгисиз адамдар эшикти сындырып, сыналгы уурдап кетишкен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты