Бишкекте жаңы автобус каттамы ачылууда

  • 7 месяцев мурун

Бишкекте жаңы автобус каттамы ачылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти 29-декабрдан баштап №146 муниципалдык автобустун жаңы каттамы ишке кирерин билдирет.

Курултайда президент Садыр Жапаров Ош базарын, Батыш жана Чыгыш автобекеттерин шаардын сыртына көчүрүү тууралуу билдирген. Бул чаралар аймактардын экологиясын жакшыртууга жана унаа тыгындарын жоюуга жардам берет. Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан айланма жол менен Алма — Ата көчөсүнүн кесилишинде (Аламүдүн району) Чыгыш автобекетин шаардын сыртына көчүрүү максатында Бишкек автобекети («Бишкек автобекети» МИси) уюштурулган. Бөлүнгөн аянт 5 гектарга жакын.Каттамдын баштапкы аялдамасы — «Бишкек автобекети» МИси (Алма-Ата – айланма жол көчөлөрүнүн кесилиши), акыркы аялдамасы – Чоң-Арык айылы. Пландаштырылган чыгаруу 25 бирдик, ал эми кыймыл аралыгы 8-10 мүнөт болот.Жаңы №146 муниципалдык автобустук каттам Аламүдүн жана Орто-Сай базарларын камтыйт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты