Бишкекте жаңы автобус каттамы ачылууда

  • 6 месяцев мурун

Бишкек шаарында 2024-жылдын 22-январынан тарта №55 жаңы автобус каттамы ишке кирет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындай чечим шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун натыйжасында жана экологиялык жактан таза транспорт түрүн туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Каттам Чоң-Арык айылынан айланма жол менен жүрүп, Байтик-Баатыр, Жибек-Жолу, Ч.Айтматов көчөлөрүн камтыйт. Анын узундугу 24 км, ал эми автобустардын кыймыл интервалы 10 мүнөттү түзөт. Каттамда 20 автобус кызмат көрсөтөт.

Белгилей кетсек, буга чейин мэрия Бишкекти чоң унаалар менен айланып жүрүүсүн, анын ичинде перпендикуляр кыймылды камсыз кылган бир нече чакан шакекчелерди жасоону пландаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты