Бишкекте жаңы автобус каттамы ачылды
- 1 год мурун
20-февралдан тарта Бишкек шаарында №19-автобус каттай баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маршрут Ак-Ордо конушунан Кустанайская көчөсүнө чейин жүрөт. Анын узундугу 36,6 км, интервалы 10 мүнөттү түзөт.
Бул линияда 11 автобус бар.
Муну бөлүшүү