Бишкекте жаңы №12 үй-бүлөлүк медицина борбору ачылды
- 2 года мурун
Бүгүн, 27-декабрда, Бишкек шаарынын Кызыл-Аскер аймагында №12 жаңы үй-бүлөлүк медицина борборунун салтанаттуу ачылышы болду. Ага Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы наркы 70 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн имараттын курулушу 2022-жылдын июль айында башталып, анда №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалын жайгаштыруу пландалган. Бирок, административдик-аймактык реформанын алкагында Чүй облусунун айрым райондору борбор калаага кошулгандыктан, өз алдынча мекеме – №12 үй-бүлөлүк медицина борборун түзүү чечими кабыл алынган.
Жаңы ачылган медициналык борбор бир убакта 150 адамды тейлөөгө ылайыкталган жана заманбап жабдуулар менен жабдылганы, анын ичинде УЗИ, ЭКГ жана флюорография бөлмөлөрү, ошондой эле техникалык бөлмөлөр, медициналык буюмдарды стерилизациялоочу жайлар жана санузелдери бар экендиги айтылды.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иш-чарада сөз сүйлөп, №12 үй-бүлөлүк медицина борборунун ачылышы менен Бишкек шаарынын медициналык инфраструктурасы чыңдалып, шаар тургундарына сапаттуу жана өз убагында кызмат көрсөтүү өркүндөй турганын белгилеген. Министр ошондой эле медицина кызматкерлерине калк саламаттыгы үчүн кылган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, жаңы борбордун ишине ийгиликтерди каалаган.
Сүрөт: med.kg




