Бишкекте жөө жүргүнчүлөр үчүн «Бродвей» куруу пландалууда

  • 1 год мурун

Бишкектин Биринчи май районунда жөө жүргүнчүлөр үчүн «Бродвей» куруу пландалууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган курулуш президенттин «Жашыл Мурас» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында курулуп жатат.

Курулуш үчүн Гастелло көчөсү тандалып алынган, ал Медеров көчөсүнөн Абай көчөсүнө чейин 500 метрди түзөт.

Долбоорду Биринчи май районунун башчысы Максатбек Сазыкулов жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Шаршенбай уулу Руслан жеринде талкуулап, топографиялык сүрөткө тартуу, эскизди иштеп чыгуу, ошондой эле колдо болгон коммуникацияларды иликтөө чечими кабыл алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты