Бишкекте жүргүнчүнү урган маршруттук таксинин айдоочусу иштен алынды

  • 2 года мурун

Бишкекте жүргүнчүнү урган маршруттук таксинин айдоочусу иштен алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы» муниципалдык ишканасына карамагында турган № 173 каттамдын линиясынын айдоочусу У.Бообеков менен жүргүнчүлөрдү ташуу келишими бузулуп, келишимдик милдеттенмелер да бир тараптуу бузулган.

Айдоочу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларын одоно бузгандыгы үчүн иштен бошотулду.

Ошондой эле, жогорудагы каттамдын бригадири менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ал тараптан жүргүнчүлөрдү ташууда этиканы сактоо жөнүндө айдоочулар курамы менен сүйлөшүүлөр уюштурулду», — деп жазылат маалыматта.

15-сентябрда маршруттук таксинин айдоочусу окуучу баланы уруп салгандан улам жүргүнчүлөр менен урушуп жаткан видео социалдык тармактарга тараган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты