Бишкекте өзгөчө үлгүдөгү аттестаттар тапшырылды

  • 1 год мурун

Бишкекте өзгөчө үлгүдөгү аттестаттар тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эң мыкты бүтүрүүчүлөргө борбордун мэри Эмилбек Абдыкадыров өзгөчө үлгүдөгү аттестаттарды, ал эми билим берүү уюмдарынын жетекчилерине муниципалитеттин ыраазычылык каттарын тапшырды.

Билим берүү департаменти тарабынан өткөрүлгөн майрамдын коноктору муниципалдык мектептердин 55 бүтүрүүчүсү жана мектеп жетекчилери болду. «Алтын тамга» ээлеринин арасында шаардык, республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, шаардык, республикалык сынактардын байге ээлери жана лауреаттары бар.Сыйлоо аземинен кийин бүтүрүүчүлөр жана мугалимдер үчүн майрамдык концерттик программа тартууланды.

Белгилей кетсек, «Алтын тамганы» республика боюнча 167 окуучу кабыл алса, анын 55и Бишкек шаарындагы муниципалдык мектептердин окуучулары (33 пайыз).

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты