Бишкекте өзгөчө абал режими шамалдын кесепеттерин жойгонго чейин узартылууда

  • 4 месяца мурун

Муниципалитетте мэр Айбек Жунушалиевдин пландык кеңешмеси өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Күн тартибинде 28-мартта катуу шамалдан кийин жарыяланган өзгөчө кырдаалдын алкагында аткарылган иштер тууралуу отчет угулду.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Эрнис Жусупов жабыркаган объектилердин саны тууралуу маалымат берди.

Ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен шамалдын кесепетинен 42 турак жай комплекси, 6 медициналык мекеме, 35 социалдык объект, 13 автоунаа, ошондой эле 101 башка объектилер (дүкөндөр, мончолор, электр чубалгылары, трансформаторлор, коммуналдык системалар) жабыркаган. Тиешелүү шаардык кызматтар бул объектилерде ыкчам калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү. Ар бир транспорт боюнча жекече иш жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаарында өзгөчө абал режими катуу шамалдын кесепеттерин жоюу иштери аяктаганга чейин узартылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты