Бишкекте зер буюмдарды саткан дүкөндөн 62 миң сомдук алтын уурдаганга шектелген жаран кармалды

  • 1 год мурун

Бишкекте зер буюмдарды саткан дүкөндөн 62 миң сомдук алтын уурдаганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына 3-майда Бишкек шаарынын тургуну 1983-жылы туулган Я.С. арыз менен кайрылган. Ал арызында борбордо жайгашкан зер буюмдарды саткан дүкөндөн 62 миң сомдук алтын жасалгасын белгисиз адам уурдап кеткендигин билдирген. 12-майда болжол менен саат 14:00 чамасында Күзөт кызматынын ведомстволук милиция полкунун кызматкерлери ири соода борборунун ичинде жайгашкан зер буюмдар сатылуучу дүкөнүнөн аталган кылмышка шектүү катары издөөдө жүргөн 1961-жылы туулган А.Ч. аттуу жаранды кармап, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты