Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган жаран куткарылды
- 2 года мурун
Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-май күнү саат 18:20 чамасында Октябрь районуна караштуу Байтик-Баатыр жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан турак үйдүн 9-кабатынан 1 аял өзүнүн жанын кыюга аракет кылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ыкчам түрдө Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, аялды түшүрүшүп Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Муну бөлүшүү