Бишкекте өз өмүрүн кыюуга аракет кылган кыз куткарылды

  • 2 года мурун

Бишкекте өз өмүрүн кыюугп аракет кылган кыз куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бишкек шаарына караштуу Ленин районунун Б.Алыкулов менен Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан темир жолдун кароо мунарасына 15 жаштагы Т.А. аттуу кыз секирип өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Ыкчам түрдө жерине ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар кызды аман-эсеп түшүрүп, медициналык жардам көрсөтүшкөн. Учурда аталган жаран дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты