Бишкекте Ысык-Көлдү дүйнөнүн борбору катары көрсөткөн тарыхый карта орнотулат

  • 4 месяца мурун

Бишкекте XI кылымдагы улуу ойчул Махмуд Кашгари-Барскани түзгөн дүйнө картасынын көчүрмөсү орнотулат. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Арслан Койчиев демилге көтөрүп, тиешелүү көрсөтмө берди. Ага ылайык, КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги атайын конкурс жарыялап, эң мыкты долбоорду тандап алат.

Тарыхый карта Борбор Азиядагы ислам ренессансынын доорунда жаралган. Анда дүйнөнүн борбору катары Ысык-Көл көрсөтүлгөн.

Демилге улуу аалым Махмуд Кашгари-Барсканинин 1000 жылдыгына арналган иш-чаранын бир бөлүгү болмокчу. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты