Бишкекте VI түрк тасмаларынын жумалыгы расмий ачылды

  • 2 года мурун

16 — июнда «Россия» кинотеатрында Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин жана Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Бишкектеги элчилигинин колдоосу менен “Йерли Дүшүнже/ Жергиликтүү ой пикир” коому тарабынан уюштурулуп жаткан VI түрк тасмаларынын жумалыгы расмий ачылды. Бул тууралу аталган министрликтен билдиришти.

Ачылышка Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары Ахмет Мисбах, Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган, Түркия Республикасынын Ак партиясынын орун басары Метин Гундогду, эки өлкөнүн кино ишмерлери катышты. Анда эки өлкөнүн орток маданияты, кино жаатындагы алакалар тууралуу жылуу пикирлер айтылып, бир катар кино ишмерлерине эки өлкөнүн ортосундагы маданий көпүрөнү бекемдөө жана өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ведомстволук сыйлыктары тапшырылды.Ачылыш маданий программа менен коштолуп, андан соң, кино күйөрмандарына тасма тартууланды. Маалымат катары билдирсек, тасмалар 20 — июнга чейин Россия кинотеатрында акысыз көрсөтүлөт. Жумалыктын алкагында кино көрсөтүүлөрдөн кийин искусство адамдары менен көрүүчүлөрдүн ортосунда жолугушуу өтүп, Кыргыз-Түрк Манас университетинин студенттери менен түрк киносу боюнча баарлашуу өткөрүлөт. Саамалыктын алкагында Түркиядан келген режиссерлер, актерлер жана продюсерлер менен Кыргызстандык кино актерлорунун арасында жолугушуулар менен катар орток эмгектер жаратуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жана баарлашуулар ишке ашат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты