Бишкекте велосипед уурдоого шектелип, 23 жаштагы жаран кармалды

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) кызматкерлери тарабынан велосипед уурдоого шектелип, 23 жаштагы жаранды кармалды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 15-ноябрь күнү Биринчи май РИИБге Ж.А., аттуу жаран арыз менен кайрылып, ал белгисиз жаран ушул жылдын 1-ноябрында саат 08:00 чамасында Манас проспектисинде жайгашкан үйлөрдүн биринин кире беришинен 22 миң сомдук “Giant” үлгүсүндөгү велосипедди уурдап, белгисиз тарапка качып кеткенин билдирген.

Аталган факт боюнча Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 205-(Уурдоо) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Аталган башкармалыктын кызматкерлери тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, жыйынтыгында 2001-жылы туулган Т.у.Р. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Ал Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

«Тергөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан мурда уурдалган велосипед алынып, буюм далили деп табылган. Учурда кармалган жарандын башка уурулук фактыларын жасагандыгы аныкталууда»,- деп айтылат маалыматта.

Бишкекте велосипед уурдоого шектелип, 23 жаштагы жаран кармалды

Сүрөт: Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты