Бишкекте вагондордо жашаган кыргызстандыктардын тиричилиги туурасында көргөзмө ачылууда

  • 5 месяцев мурун

Бишкекте вагондордо жашаган кыргызстандыктардын тиричилиги туурасында уникалдуу көргөзмө ачылууда. Бул тууралуу «Сорос-Кыргызстан» фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-декабрда Опера жана балет театрынын жанында “Убактылуу аялдама” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү ачылмакчы. Аталган көргөзмө кадимки вагондун ичинде жайгашкан. Көргөзмөнүн автору Анна Карамурзинанын оюнда вагондун ичинде сүрөт иштери көрсөтүлүп, мындан тышкары тиричилик буюмдары, китептер жана башка нерселер жайгаштырылмакчы. Мунун максаты көрүүчүлөргө мындай вагондордо оокатын жүргүзгөн адамдардын жашоосунан кабар берүү.

Долбоор “Сорос- Кыргызстан” фондунун, жана ошондой эле Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын колдоосунда ишке ашырылууда. Анна Карамурзина долбоордун алкагында Кыргызстандын булуң-бурчун кыдырып, вагондордо турган адамдардын тиричилигин изилдеди. Аларды сүрөткө тартып, кыргызстандыктардын жашаган жерлери жана тиричилиги туурасында жеке изилдөөсүн жүргүздү. Акыркы 10 жыл аралыгында ал бул идеяга абдан кызыгып, өз байкоолору менен бөлүшөйүн деди.

“Жанынан өтүп бара жатып, мен алар кайдан бул жерге туруп калды экен деп көп ойлоном, асмандан бул жерлерге түшүрүп койгон сыйкырдуу келгиндер туурасында болбогон окуяларды ойлоп табам. Мен вагондорду 2013-жылдан бери сүрөткө тартып келем, аларга болгон кызыгуум барган сайын күчөп келет. Жаңы жерлерди, жаңы табият көрүнүштөрүн жана жаңы турак-жай түрлөрүн издеп табам”, — деп ал өз ою менен бөлүштү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты