Бишкекте V Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо 8-октябрда башталат
- 5 дней мурун
Бишкекте 8-октябрдан 15-октябрга чейин V Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча тургундардын жыйындары өтөт.
Жыйындар борбор калаанын төрт районунда уюштурулуп, анда Бишкектин жергиликтүү коомчулугунун өкүлдөрү шайланат. Жалпысынан 500 өкүлдүн ичинен V Элдик Курултайга Бишкек шаарынан 72 делегат тандалат.
Иш-чаралар президенттин 2026-жылдын 3-сентябрындагы №309 «Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» жарлыгына ылайык өткөрүлүүдө.
Жыйындар Ленин, Свердлов, Октябрь жана Биринчи Май райондорундагы мектептерде, МАБ имараттарында жана маданият үйлөрүндө өтөт.
Жыйындардын мөөнөтү:
Ленин району — 8–15-октябрь;
Свердлов району — 9–14-октябрь;
Октябрь району — 8–15-октябрь;
Биринчи Май району — 8–14-октябрь.
Ар бир аймак боюнча жыйындардын так даректери жана убактысы Бишкек мэриясы тарабынан бекитилген графикте көрсөтүлгөн.




