Бишкекте уурулукка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

  • 5 месяцев мурун

Бишкекте бир катар чөнтөк уурулуктарды жасоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын бири уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү.

14-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБге К.Н. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда 13-февраль күнү саат 21:00 чамасында Чүй жана К.Тыныстанов проспектилеринин кесилишиндеги кичи автобустардын биринде 22 миң сомду түзгөн “Redmi11” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун чөнтөгүнөн жашыруун уурдап кетишкен. Андан соң алар белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголду. «Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган 1992-жылы туулган жаран Б.А. жана ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн мурда бир нече жолу соттолгон 2004-жылы туулган А.А., аныкталып, кармалышты. Райондук башкармалыктын Тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп жазылат маалыматта.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдөн ар кандай үлгүдөгү 7 даана уюлдук телефондор, анын ичинде жабырлануучунун мурда уурдалган уюлдук телефону табылып, алынган.

Учурда алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты