Бишкекте уурулукка шектүүлөр кармалды

  • 9 месяцев мурун

Бишкекте уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-октябрда Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге Б.Э. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ушул жылдын 12-октябрынан 13-октябрына караган түнү Чүй проспектисинде жайгашкан дүкөндөрдүн бирине терезенин кашегин кысып, мыйзамсыз түрдө кирип, жалпы суммасы 5 миллион сомду түзгөн 6 даана ноутбук, ар кандай түрдөгү 64 уюлдук телефондорду жашыруун түрдө уурдап кетишкен. Андан соң кылмышкерлер белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган факт Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголду.

Иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан, мурда бир нече жолу соттолгон А.Р. 1976-жылы туулган С.Б. 1996-жылы туулган М.Б. 2002-жылы туулган шектүүлөр аныкталган. Райондук башкармалыктын тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кылмышка шектүүлөр Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө борбор калаадагы күрөөканалардан 5тен ашык уюлдук телефондор далил деп табылып, кылмыш ишине кошулган.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан ушул сыяктуу кылмыштарга шектүү адамдардын катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты