Бишкекте уруксатсыз орнотулган объектилер буздурулууда

  • 6 месяцев мурун

Бишкекте уруксатсыз орнотулган объектилер буздурулууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 280 чарчы мерт муниципалдык аймак бошотулду.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан Ак-Өргө жаңы конушундагы Алыкулов көчөсү 25д дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 100 чарчы метр унаа жуучу жай түрүндөгү уруксатсыз салынган жеңил типтеги объект буздурулууда. Ошондой эле, аталган көчөнүн 26д дарегиндеги кеңейтилген 150 чарчы мерт темир тосмолор да алынды.

Башкармалыктын кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барууда.

Мындан тышкары, мурда берилген эскертүүнүн негизинде Гагарин жана Репин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жеңил типтеги конструкция буздурулду. Натыйжада 30 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты