Бишкекте унааларга байланышкан алдамчылык фактысына тиешеси бар жаран кармалды

  • 10 месяцев мурун

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан унааларга байланышкан алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Август айында Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жергиликтүү тургун кайрылып, анын унаасын алдоо жолу менен ээлеп алган чала тааныш адамга чара көрүүнү суранган.
«Ага июль айынын орто ченинде белгилүү бир «унаа баалоочу» кайрылып, ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен 20 миң долларлык «Киа Спортейдж» үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алып, аз убакыттын ичинде төлөп берүүнү убада кылган. Бирок ал чет элдик унааны үчүнчү жактарга (айрым маалыматтарда 16 миң АКШ долларына) кайра сатып, изин жашырып кеткени белгилүү болгон.

Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш ишинин алкагында ИИМдин КИИББдин 2-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында билим берүү мекемелеринин биринин мурдагы окутуучу, мугалим Б.Б. Бишкек шаарынын аймагында кармалды.

Соттун чечими менен кармалган адамга карата эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Учурда мыйзамсыз аракеттерге катышкан башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда. Кармалган адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты