Бишкекте унаа урдоого шектелип эки өспүрүм кармалды

  • 8 месяцев мурун

Бишкекте унаа урдоого шектелип эки өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБге С.А. аттуу жаран, ошол эле күнү саат 01:00дөн 11:00гө чейин Патрис-Лумумба көчөсүндөгү техникалык тейлөө станцияларынын биринин жанында токтоп турган 500 миң сом турган «Honda Fit» үлгүсүндөгү унааны мыйзамсыз ээлеп алган белгисиз адамдарга чара көрүү арызы менен кайрылган. Андан соң алар белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган фактынын негизинде Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесине (автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) ылайык кылмыш иши козголду.

Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү И.А. 2007-жылы туулган, Б.Р. 2006-жылы туулган (мурда ар кандай оордуктагы кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон) жарандар райондук башкармалыктын Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери мурда уурдалган унаа Жалал-Абад облусунун аймагында 40 миң сомго сатылганын аныкташкан.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан мурда уурдалган унаанын жайгашкан жерин аныктоо жана мыйзамдуу ээсине кайтарып берүү боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда. Кылмыш иликтөө уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты