Бишкекте унаа кыймылы үчүн Панфилов көчөсү ачылып, Орозбеков көчөсү жабылды

  • 1 год мурун

Бишкекте унаа кыймылы үчүн Панфилов көчөсү ачылып, Орозбеков көчөсү жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Курулуш иштери аяктагандан кийин Панфилов көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү ачылды.

«Эски асфальт алынып, тосмо таштары жана ирригация системаны орнотулуп, люктарды жолдун деңгээлине көтөрүлүп, эки катмар асфальт-бетон аралашмасы төшөлдү. Жөө жүргүнчүлөр үчүн өтмөктөрдө тиешелүү жол белгилери менен ак жана сары боёктор менен чийилген жол чийиндери пайда болду. Жакында тротуардын курулушун улантып, бул объектиде курулуш иштерин жыйынтыктайбыз», — деп жазылат маалыматта.

15-майдан тарта Орозбеков көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин унаалар үчүн жабылат. Анда ирригация системасы орнотулуп, жолду жана тротуарларды жаңылоо иштери пландалууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты