Бишкекте унаа дөңгөлөктөрүнөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү
- 1 год мурун
Бишкекте унаа дөңгөлөктөрүнөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кече, 2-октябрда Бишкектин Свердлов районунун Широкая көчөсүндө унаа дөңгөлөктөрүнөн өрт чыккан. Өрт 4-октябрда саат 12:48де толугу менен өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 5 күжүрмөн эсеп, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу тартылган. Мындан сырткары жерине “Тазалык” муниципалдык ишканасынан 2 суу ташуучу унаа, ИИМден 40 кызматкер, РЭТтен 1 бригада жана жеке менчик 1 экскаватор тартылган.
Муну бөлүшүү