Бишкекте Улуттук адабият күнү белгиленүүдө

  • 2 года мурун

Улуттук адабият күнүнүн алкагында Биринчи май районунун мектептеринде Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Райондун мектептеринде Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү сахналаштыруу менен көркөм окулуп, дубал гезиттер даярдалып, адабий иш-чаралар уюштурулду.

“Кыргыздын ааламга-кымбат белеги” деген темада ачык сабактар жана “Адабият-турмуш ачкычы” адабий кечелери өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, 2011-жылы өлкөдө “12-декабрь – Кыргызстандын улуттук адабият күнү” жаңы маданий майрамы киргизилип, аны өткөрүү күнү кыргыз адабиятынын чыгаан классиги Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата тандалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты