Бишкекте туура эмес жерге таштанды таштагандыгы үчүн айып пул салынат

  • 8 месяцев мурун

Бишкекте туура эмес жерге таштанды таштагандыгы үчүн айып пул салынат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Свердлов районунда санитардык нормаларды бузгандарды аныктоо, анын ичинде таштандыларды белгиленбеген жерлерге чыгаруу боюнча рейддик иш-чаралар күчөтүлүүдө. Свердлов районунун башчысынын орун басары Рустам Касымбековдун жетекчилиги астында кызматкерлер таң эрте санитардык эрежелерди бузгандарды текшере башташты жана алар менен борбор калаанын көчөлөрүндө тазалык эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Свердлов районунда жеке секторлордо «Тазалык»муниципалдык ишканасы ишке ашырып жаткан таштандыны чыгаруунун (үймө-үй ташып чыгаруу) өз графиги белгиленген. Чарбакер субъекттерге келсек, алар таштандыны чыгаруу боюнча муниципалдык ишкана менен келишим түзүшү керек. Санитардык эрежелерди бузгандарды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлөт.Муниципалдык администрация шаардыктарды жана борбордун конокторун Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоого чакырат жана Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 115-беренесине ылайык, таштандыларды туура эмес жерге таштоо жана өрттөө үчүн эсептик көрсөткүчтүн 55тен 230га чейинки (5500дөн 23000 сомго чейин) өлчөмүндө айып пул каралгандыгын эскертет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты