Бишкекте турак үйлөрдүн биринен өрт чыкты

  • 2 года мурун

Бишкекте турак үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын Ленин районундагы Гагарин жана М.Жунусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө шаар райондорунан жалпысынан 4 бөлүм өрт өчүрүүчү-куткаруучулары, 1 штаб, 1 суу ташуучу унаа тартылды. Тилсиз жоо саат 3:57де чектөөгө алынып, таңкы саат 5:23тө толугу менен өчүрүшкөн. Бактыга жараша өрттүн кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок. Учурда өрт кырсыгынан келип чыгуу себептери такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты