Бишкекте турак үйдөн өрт чыкты

  • 2 года мурун

Бишкекте турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарына караштуу Биринчи Май районунун Ташкент көчөсүндө жайгашкан турак үйдө өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Маалыматка ылайык, өрт турак үйдүн өзүндө чыгып, өрттүн жалыны ага жакын жайгашкан жеке менчик бала бакчанын чатырына өтүп, күйгөн. Жалпы аянты 200чарчы метрди түзөт. Тилсиз жоо саат 11:45те чектөөгө алынып, саат 12:45те толук өчүрүлдү.

Жабыркагандар жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты