Бишкекте турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү
- 8 месяцев мурун
Бишкекте турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкекте өрт өчүрүүчүлөр 3 кабаттуу турак үйдөн чыккан өрттү ыкчам аракет көрүү менен толук күйүп кетишинен сактап калышты.
Кырсык 28-февраль күнү орун алып, анда борбор калаанын Ленин районунун Товарная 2 көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы кабарланган.
Өрттү өчүрүүгө саат 20:12де Ленин райондук №6 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, кошумча саат 20:20да 1, жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылган.
Өрт саат 21:27де толук өчүрүлүп, турак үйдөн 5 адам эвакуацияланган. Абалдары туруктуу.
Тилсиз жоонун кесепетинен үйдүн чатырынын болжол менен 170 чарчы метри өрттөнгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Муну бөлүшүү