Бишкекте тротуардын курулушуна тоскоол болгон объектилерди бузуу иштери уланууда

  • 10 месяцев мурун

Бишкекте тротуардын курулушуна тоскоол болгон объектилерди бузуу иштери уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы Матросов көчөсүн бойлой тротуар курууга тоскоол болгон объектилерди буздурууну уланууда. Иштин жүрүшүндө 2 капиталдык кире бериш топ, 7 кошумча курулуш, 2 жеңил объект демонтаждалган. Ошондой эле, 65 жарнама конструкциясы алынып, көрнөк-жарнак конструкцияларын орнотуу жана муниципалдык жерди уруксатсыз пайдалануу эрежелери бузулгандыгы үчүн 4 протокол түзүлдү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты