Бишкекте тротуар курууга тоскоол болгон объектилер бузулат

  • 11 месяцев мурун

Бишкекте тротуар курууга тоскоол болгон объектилер бузулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Фейсбук социалдык тармагында Горький көчөсүн бойлой тротуар курууга тоскоол болгон объектилер боюнча видео жарыяланган.

«Окуя болгон жерге мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев, Биринчи май районунун акиминин милдетин аткаруучусу Райым Жолдошов, Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Уран Мусаев жана башка шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты. Ошентип, Горький көчөсүн бойлой жайгашкан «Халил Ибрагим» кафесинин кошумча курулушун бузуу иштери башталды. Аталган башкармалыктын кызматкерлери «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик ишкана, Биринчи май акимиатынын жана «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барууда.Ошондой эле, иштин жүрүшүндө көчөдө мыйзамсыз курулган объектилер Горький 179, 178, 176 демонтаждалууда.», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин администрация тарабынан муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотуулардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын колдонуудагы нормаларын бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан бошотуу боюнча эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты