Бишкекте транзиттик казакстандык жүргүнчүлөр тосуп алынып жана узатылууда

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын мэриясы Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги менен бирге борбор шаарды транзит катары колдончу Казакстандын жүргүнчүлөрүнө тиешелүү шарт түзүү максатында, «Манас» эл аралык аэропортунан транспорт менен камсыз кылуу, мейманканага жайгаштыруу жана «Ак-Жол» өткөрмө пунктуна чейин жеткирүү иштерин уюштурууда.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта 8-январга карата 32 жаран тосуп алынганы жана «Достук» мейманканасына жайгаштырылганы айтылды.

Бардык чыгымдар мэрдин резервдик фондунан жана демөөрчүлөр тарабынан төлөнөт.

Бишкек мэриясы “Достук” мейманканасынан «Ак-Жол» өткөрмө пунктуна чейин жарандарды транспорт менен камсыз кылууда.

Сүрөт: Мэриянын басма сөз кызматы.

Шаардык мэрия ыктыярчыларды иш-аракеттерди бирге жүргүзүүгө чакырат. Каалоочулар мэрияга барып же 0555 988 866 номери менен аппарат жетекчи Миргазы Исаков менен байланышса болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты