Бишкекте топурак басып калган эки жарандын бири каза болду

  • 1 год мурун

Бишкекте топурак басып калган эки жарандын бири каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

8-апрель күнү Бишкектин Ленин райондук Мурманск көчөсүндө канализацияга жол ачуу үчүн жер казып жаткан 2 жаранды топурак урап түшүп, басып калгандыгы тууралуу маалымат 112 номерине кабарланган.

Жерине ыкчам түрдө ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

Ошол жерден 1992-жылы туулган К. Б. уулуказа таап, анын сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Ал эми куткаруучулар тирүү чыгарган 1997-жылы туулган А. Т. аттуу экинчи жаран тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты